Баткен: айдоочу сүзүп алып, машинасына салып кеткен кишинин сөөгү эртеси табылды

Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Баткен шаарында рулдагы киши өтмөктөн сүзүп, андан соң автоунаасына салып кеткен адамдын сөөгү эртеси башка жактан табылган. Бул туурасында аталган облустун милициясынан кабарлашты.
5-декабрда Mercedes-Benz автокөлүгүнүн айдоочусу 46 жаштагы Ж.К. аттуу кишини сүзүп, машинасына салып кеткен. 6-декабрда анын сөөгү жолдун четинен табылган.
Видеодон айдоочу жарадар болгон жигитти автоунаасынын арткы орундугуна салып, айлампадан айланып өтүп, Раззаков көчөсү аркылуу кеткенин көрүүгө болот.
Кылмышка шектелип, 26 жаштагы А. уулу Н. Баткен шаарындагы автоунаа тетиктерин саткан базардан кармалган.
Шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Бишкекте унаа коюп кеткен "Тазалыктын" кызматкери каза болду. Видео