Бишкектин Ахунбаев көчөсүнө коомдук транспорт үчүн атайын тилке чийилди

Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Борбор калаа Бишкектин Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгүнө коомдук транспорт үчүн атайын тилке чийилгенин мэрия билдирди.
Маалыматта тилке Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Айтматов проспектине чейин эки чакырымдан ашык аралыкка түшкөнү айтылат.
Эскерте кетсек, коомдук транспортко ылайыкталган жол сары түс менен бөлүнүп турат. Буга чейин мындай тилке Абдрахманов көчөсүнө, Түштүк магистралга чийилген.
Бишкектин Ауэзов көчөсүндөгү көпүрө ачылды. Сүрөт, видео