9-декабрга карата аба ырайы

9-декабрга караган түнү айрым жерлерде кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. 9-декабрь, шейшембиде, көпчүлүк аймактарда кар жаап, туман түшөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй менен Таласта 0...+5, Ош, Жалал-Абад жана Баткен, Ысык-Көл облустарында +1...+6, Нарын өрөөнүндө -2...+3 градуска чейин жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +3...+5 градус болуп кар жаайт. Ош шаарында мезгил-мезгили менен кар жаап +4...+6 градуска чейин жылуу болушу күтүлөт.
Ак-Түздө шахтерлорго жана айыл тургундарына арналган мемориал ачылды