Кыргызстанда соңку жылдары курулуш тармагы өнүгүүдө. Кандай гана үйлөр салынбасын аларга болгон коомдун кызыгуусу бул тармакта суроо-талап күч экенин агийнелейт. Ошону менен катар эле тоолуу өлкөгө болгон туристтердин кызыуусу күч. Мындай учурда ата-бабадан мураска калган боз үйдөн сырткары заманбап мейманкалардын талап кылынышы турган кеп. Мына ушул муктаждыкты көрө билген жергиликтүү ишкер Нурсултан Азимов Кыргызстанда капсулалык үйлөрдү кура баштады. Өлкө климатында 30 жылга чейин кепилдик менен сатылган бул үйлөр жайкысын салкын, кышкысын жылуу келип, бардык шарты менен курулат жана анын панарамалык курулушу туристерге эмоция тартуулап, алардын эс алуусунда жакшы маанай жаратат. Мындай капсулалык үйлөрдөн турган мейманканаларды бир эле өлкө ичинде эмес Евразия экономикалык биримдигине кирген бардык мамлекеттерде жеткиликтүү кылуу максатында уюм рыногуна чыгууну көздөгөн ишкер азырынча бул тармакта атаандашы жок экенин айтат.
Уникалдуу бизнести куруу жолдору, аны алып кетүү, ЕАЭБ рыногундагы күтүүлөрү жана эмне үчүн бул мамлекеттерде туризмди өнүктүрүү керек бүгүнкү уктуруубузда кеп кылабыз.