Өлкөдө "Эң мыкты айыл өкмөттөр" аныкталды. Президенттик администрация мыктыларды аныктап, сыйлыктарды тапшырды. Жалпы мамлекеттик сынактын байге фонду 12 миллион сомду түзөт. Аталган сынакта экинчи орунду ээлеген Чүй облусунун Аламүдүн районунун Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жетекчиси Тимур Джумалиев “Стимул” программасында конокто болду. Ал аталган сынак жана Достук айыл аймагы тууралуу айтып берди.