ЕЭК Кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп, бир катар маселелер каралдыГермания канцлери Киевге берилчү жардамдын көбү Берлиндин мойнуна түшөт деп кооптонуудаМамдума төрагасы Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоого баа бердиАлдыда кененирээкКыргызстандагы парламенттик шайлоо эл аралык укук нормаларына шайкеш өттү. Бул тууралуу РФ Мамлекеттик Думасынын жана ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын төрагасы Вячеслав Володин айтканын РИА Новости жазды. "Шайлоо улуттук мыйзамга жана эл аралык добуш берүү укугуна ылайык өттү. Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын байкоочулары жалпы жыйынтыкка таасир эте турган мыйзам бузуу аныкташкан жок. Мындан улам парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өткөрүп алган кыргызстандык кесиптештерибизди куттуктайбыз", — деди Володин ЖККУ ПАнын пленардык жыйынында. Эскерте кетсек, Кыргызстанда 30-ноябрь күнү мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өттү. Бул жолкусунда жаңы система иштеп, өлкө аймагы жалпы 30 округга бөлүнүп, ар биринен үчтөн депутат шайланып келген Өлкө парламентиндеги 90 орун үчүн 460 киши ат салышты. 4,3 миллион адам добуш берүү укугуна ээ болуп, соңунда шайлоого элдин 36,9 пайызы келгени маалым болду.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин видео байланыш аркылуу өткөн жыйынына катышты. Отурумдун жүрүшүндө ЕЭК Кеңеши Евразия экономикалык биримдигинин алкагында товарлардын электрондук соодасы жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактырды. Макулдашуунун негизги максаты – биримдиктин ички рыногунда электрондук коммерцияны ишке ашыруунун бирдиктүү жана ачык эрежелерин белгилөө. Макулдашуу Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында өз ара электрондук сооданы камсыздоого, катышуучулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого, ошондой эле алардын ортосундагы өз ара аракеттенүү эрежелерин аныктоого багытталган. Ошондой эле ЕЭК Кеңешинин отурумунда нарк стандарттары белгиленди. Анын алкагында жеке жактар тарабынан ЕАЭБдин бажы аймагына сатып алынган электрондук коммерциялык товарлардын импорту 200 евро өлчөмүндөгү товарларга бажы алымы төлөнбөстөн жүзөгө ашырылат. ЕЭК Кеңеши ошондой эле электрондук соода товарларынын айрым категорияларын кошпогондо, жеке жактар тарабынан сатып алынган электрондук товарларга бирдиктүү бажы алымдарынын ставкаларын товарлардын наркынын 5% өлчөмүндө, бирок 1 кг үчүн 1 евродон кем эмес деп белгиледи.
Германия канцлери Фридрих Мерц Европа өлкөлөрүнүн лидерлери жана Владимир Зеленский менен Лондондогу жолугушууда кийинки жылы Украинага кетчү чыгымдын басымдуу бөлүгүн Берлин өз мойнуна алууга аргасыз болушу мүмкүн деген кооптонуусун айтат. Бул тууралуу Файнэншл Таймс жазды. "Жолугушууда Мерц Киевге ири аскердик жардам көрсөткөн Берлин Франция менен Улуу Британиянын акчадан каржалып турганынан улам кийинки жылы Украинаны колдоого кеткен чыгымдын көбүн өзүнө алууга аргасыз болорун айтып, тынчсыздануусун билдирмекчи", — деп айтылат макалада.Буга чейин европалык ЖМКлар Британиянын премьер-министри Кир Стармер, Франция президенти Эммануэль Макрон Мерц болуп Зеленский менен жолугуп, Киев менен Вашингтондун украин маселеси боюнча сүйлөшүүлөрүн талкуулай турганын билдиришкен.