Өлкөдө жыл башынан бери 75 миңден ашуун уй жасалма уруктандыруу жолу менен акысыз уруктандырылды. Бул багытта бюджеттен 60 миллион сом бөлүнүп, анын 52 миллионуна элита класстагы 270 миң доза урук, ал эми 8 миллионуна урукту сактоо үчүн суюк азот сатып алынды. Аймактарга бүгүнкү күнгө чейин 90 миң доза урук таратылды. Ошондой эле 160 комплект жасалма уруктандыруу шаймандары алынган. Республика боюнча 302 техник-уруктандыруучу иштеп, алардын 260тан ашыгы Ветеринардык башкармалыктар менен келишим түзгөн. Жасалма уруктандыруунун артыкчылыктары жана жергиликтүү шартка ылайыктуулугу тууралуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын өкүлү Мыктыбек Каландаров айтып берди.