Салык төлөөнү жеңилдеткен "Базар" маалыматтык системасы кантип иштейт?

Sputnik
Мамлекеттик салык кызматы “Базар” маалыматтык санарип системасы аркылуу 10айдын ичинде 727 миллион сом салык чогултту. Аталган система алгач “Дордой” базарында пилоттук долбоор катары 2025-жылдын 15-мартынан 15-августуна чейин жүргүзүлүп, базар администрациясы салыктык агент катары иш алып барды. Жыйынтыгында, санариптик система салык төлөө процессин толугу менен жөнөкөйлөтүп, ар бир соода контейнерин онлайн көзөмөлдөөгө шарт түздү. Ал аркылуу салык жана социалдык төлөмдөрдүн төлөнүшү так катталып, мурдагы башаламандыктар толугу менен жоюлган. Натыйжада салыктык жыйымдар бир нече эсе өсүп, айына мурдагы 30 миллион сомдун ордуна 100 миллион сом түшө баштады. Ийгиликтүү жыйынтыктардан кийин система "Кара-Суу" жана "Мадина" базарларына да киргизилди. Жаңы жылда республикадагы бардык базарларга жайылтыларын Мамлекеттик Салык кызматынын ыкчам контролдоо башкармалыгынын тармактык контролдоо бөлүмүнүн инспектору Элина Кенжебаева маалымдады.