Борбор калаада жайгашкан Б. Ельцин атындагы кыргыз-славян университетинин алкагында "Кыргыз тили жана Манас таануу" борбору ачылды. Борбордун ачылышы чоң салтанат менен белгиленип, академиялык чөйрөдөн тарта студенттерге чейин катышышты. Алгач эле аталган мекеме эмне үчүн бул окуу жайда ачылганы коомчулуктун кызыгуусун туудурду. Илимде, искусстводо Манасты таанытуу, жайылтуу максатында барандуу иш пландарды мерчемдеп турган борбордун түзүүчүсү жана жетекчиси белгилүү маначсы Талантаалы Бакчиев, эзелтен эле эпосту изилдөөдө орус окумуштууларынын ордун баса белгилеп, борбордун ишмердүүлүгүн түшүндүрүп берди.