БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Ак-Сууда аялын жерге жыгып алып, балдарынын көзүнчө сабап жаткан кишинин видеосу соцтармакта тарап, коомчулуктун катуу сынына калды. Окуя боюнча Ак-Суу РИИБ расмий маалымат таратты.
Маалыматка караганда, 25-ноябрда райондук милицияга 33 жаштагы И.А. арыз менен кайрылып, 38 жаштагы жолдошу көп жылдар бою ага зомбулук көрсөтүп келгенин билдирген. Арыздын негизинде тергөөгө чейинки текшерүү башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
И.А. көрсөтмөсүндө, алар 2010-жылы никеге турганын, төрт баласы бар экенин айткан. Жолдошу узак убакыт бою себепсиз уруп-сабап, ыплас сөздөр менен кемсинтип келгенин билдирген. 3-мартта сабалгандан кийин райондук ооруканадан жардам алганын, бирок жаш балдарын ойлоп, чыныгы себепти жашырганын айткан. Үч айдан кийин кайра токмоктоп, муунтканын кошумчалаган.
Быйыл август айында И.А. балдарын алып, ата-энесинин үйүнө чыгып кеткен. 20-ноябрда сотко ажырашуу арызын да берген. Бирок И.Э. орой мамилесин токтотпой, телефон аркылуу коркутуп, сөгүп, аброюна доо кетирген видеолорду да жөнөтүп турганы айтылды.
Соттук-медициналык экспертиза аялдын алган жаракатын “анча оор эмес” деп баалаган. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынды.