Кыргыз басма ишинде жаңы доор жараткан Мелис Абакировду эскерүү

Мелис Абакиров советтик доордон тартып эгемендүү Кыргызстанга чейинки мезгилде калемин да, акылын да элге арнаган, терең ойлуу, билимдүү инсан болчу. Анын прозасы улуттук мүнөздү, адам табиятынын татаалдыгын чагылдырып өзгөчөлөнгөн.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасы кыргыз адабияты менен басма тармагына чоң эмгек сиңирген прозаик, редактор Мелис Абакировдун жаркын элесине арналды. Маектешибиз жазуучу Жумабек Медералиев Мелис Абакировдун уникалдуулугуна кенен токтолду.
— Мелис Абакиров менен бир топ жыл чогуу эмгектенип, шакирти да болуп калган жайыңыз бар. Жазуучунун бала кези тууралуу эмне билесиз?
— Мелис Абакиров бүткүл өмүрүн жазуучулукка, китеп басып чыгаруу ишине арнаган. Өзү 1940-жылы Чүйдүн Бурана айылында туулуп, кулактын тукуму делип бала кезинен эле көп ыдыкка учураган экен. Аңгемелер түрмөгүндө 1940-жылдардагы муундун балалыгы, ошол кездеги элдин турмушу жөнүндө абдан элестүү жазып берген.
Мектептин аяктаган соң университеттин филология факультетине тапшырат. 1963-жылы тегерегиндегилердин кеңеши менен тил үйрөнөм, элдин тарыхын билем деген максат менен жакын тууганы жазуучу Сардарбек Рыскуловдун жанына, Кочкорго барып мугалим болуп иштеген. Андан кийин элдин жашоосу менен жакындан таанышам деген ой менен Тоңго барып, "Эмгекчил" гезитинде жөнөкөй кабарчыдан редакторлукка чейин жеткен.
Нүндөлүк турмушка, жашоонун бардык жагдайларына сын көз менен карагандыктан "Советтик Кыргызстан" гезитинен жалпы окурмандарга фельетончу катары таанылган. Канында бар экен, ошол жолду басып өтүп, анан жазуучулук менен басма тармагына келген. Ошол кездеги "Кыргыз басма үйүндө" редакторлуктан башкы редакторлукка чейин эмгектенген. Кайра куруу жылдары (1985-жылы) "Мектеп" басмасынын "Кыргыз тили, адабият окуу китептерин чыгаруу" редакциясынын башчылыгына барып, анда да узак иштеди. Бала кезинен жазып, студенттик күндөрдөн баштап аңгемелери чыгып жүрсө дагы алгачкы китебин 1978-жылы 38 жашында чыгарган. Идиреги байкалыпп, адабий сынчылар жылуу пикир айтышкан экен.
Жазуучу Жумабек Медералиев
— Кашкөй болгон дешет...
— Мелис Абакиров өзгөчө адам эле. Ал башкаларчылап өңдү көрсө жүз тайыйт болбой, бар же жок деп жүргөн, өз позициясын коргой билген, хандан-бектен тартпаган кашкөй инсан болгон. Чыгармачылыгындабы, күндөлүк ишинде болсун, дайыма приниципиалдуу эле. Өзүнө талапты катуу коё билчү. Ошол себептен китебин кечигип чыгарып отурат да. Мүнөзүнүн катаалдыгына карабай, башкаларга, өзгөчө жазуучу журтчулугуна келгенде абдан күйүмдүү болгон. Чындыкты, акыйкатты бекем кармады. Ал киши менен үч жыл бирге иштештик. Жазганыңды алып барсаң, күйүп-бышып сынын да, акылын да айтчу. Кээде кыйтыйып калсаң, "мен айтпасам ким айтат, силерге күйгөнүмдөн айтып жатам, туура түшүнгүлө" деп мен сыяктуу адабиятка ынтаасы бар балдардын көбүн тарбиялады. Мисалы, ошол кездеги жаштардын бири Султан Раевдин китебин жок жерден планга киргизип, басылып чыгышына түрткү болгон. Бул эми айтканга оңой болгону менен аткара келгенде абдан катаал иш. Илгери ыр жана проза жазган жаштар үчүн "Жаштар үнү" жана "Жаш калем" аттуу эки серия бар эле. Бирөө бир басма табак, экинчиси эки басма табак менен чыгып келген. Бирок Мелис байке Борбордук комитетке чейин түшүндүрүп жатып экөөнө бирден басма табак коштуруп берген. Бул жаштарга бир топ мүмкүнчүлүк ачты.
— Жетекчи катары кандай иштерди аркалады?
— Негизи басма ишинде тамгадан же пунктуациялык белгиден ката кетип калат. Мына ушундай учурда жетекчи катары көп иштерди өз мойнуна алып, тиги кызматкерди коргоп калган көп учурлар болгон. Убактысы ар кимдин кол жазмасын текшерүү менен өттү, жумуш ушундай эле да. 1978-жылдары Жазуучулар союзунун мүчөлөрү эки жылда бир китеп чыгарганга акылуу болчу. 1978-жылдан 1980-жылдын аягына чейин котормо менен иштеди. Пенсияга чыкканда гана чыгарма жаза баштады. Союз мезгилинде басма жаатында эмгеги бааланып, "СССРдин басма кызматынын мыктысы" белгиси менен сыйланган. Кийин "Көркөм адабият" басмасы түзүлгөндөн кийин директор болду. Ошол кезде кыргыз басма ишинде дагы бир жаңы доор жаралды. Көп китеп жарык көрдү. Мисалы, СССРге аты чыккан Мурза Гапаровдун көрө албастыктан улам чыкпай жүргөн көп китептери окурмандарга тартууланды. Кадимки Кубатбек Жусубалиевдин "Муздак дубалдар", Түгөлбай Сыдыкбековдун "Бел-белес", "Көк асаба" китептеринин чыгышына себепкер болгон. Бул тизмеде Муктар Борбугулов, Шабданбай Абдыраманов да бар. Эрте өтүп кеткен Орозбай Көчкөнов деген мыкты акын болгон, ал кишинин "Эрөөл" аттуу китебинин убагында чыгып кетишине да жарыгы тийген.
— Мындай кадамдарга барышына жогоруда сиз сыпаттаган принципиалдуулугу да себеп болсо керек. Анткени ошол кезде бул да чоң жоопкерчилик болгон эмеспи. Өмүр жолун карап көрсөк, өзү да Болот Юнусалиев, Кусеин Карасаев өңдүү залкарлардан таалим алыптыр...
— Ооба, туура. Кусеин Карасаев экөө кошуна турган. Ал киши 1950-жылдары Александр Радищевдин "Петербургдан Москвага саякат" деген китебин которуп чыгарган экен. Аны "Мектеп" басмасы кайра басып чыгара турган болдук. Мелис байке экөөбүз басмакананын эки редакциясында башчы элек. Ушул китепти редакциялоо мага тийип калып, орусча-кыргызчасын салыштырып окусам, кээ бир калып кеткен тексттер бар экен. Оңдогонго батынбай, дароо Мелис байкеге бардым, ал буга чейин жаштарды "силерден кыйын ким бар экен, өз акыйкатыңарда бекем турсаңар эле аны эч ким буза албайт" дечү. Ошентип тарбиялачу. Мелис агай китептин шарданы менен мени Кусеин агайдын үйүнө алып барды. Ал кезде агай укпай калган экен, Айша апанын эрдин карап, түшүнүп, байбичесинин котормочулугу менен сүйлөштүк. Ал киши да сынды туура кабыл алды. Ошол сыяктуу эле Шабданбай Абдырамановдун, Сейит Жетимишовдун китептерин редакциялоодо Мелис Абакиров бизди колдоп, дем берип койчу. Планга кабыл алынарда сырттан да адабий сынчыларга окутуп, алардын аты-жөнү көрсөтүлбөй жабык талкууланчу. Азыр редакторлуктун мааниси төмөндөп калгандай. Өзү автор, аялы редактор, баласы корректор болгон да китептер чыкпадыбы. Бул адабиятка залакасын тийгизбей койбойт. Казакстан, Өзбекстанда китеп басуу иши мамлекеттин камкордугунда. Булар басма ишине байланыштуу мыйзам кабыл алып коюшкан. Мелис агай да ушундай мыйзам долбоорун даярдап, мыйзам чыгаруу палатасына кийирген. Бирок "басма иши цензурага, кысмакка алынат" деп туура эмес түшүнүп алган "күчтөр" бул мыйзамды кабыл алмак турсун, каратпай койгон. Ал мыйзам кабыл алынып калганда азыркыдай чаржайыттык, сабатсыздык болмок эмес. Окуу китептерин басууда тартип болмок.
Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Мелис Абакиров
— Тамашакөйлүгү көп маселени чечсе да бетке чабарлыгы тоскоол болсо керек...
— Мелис агайдын "былжырай берет" деген төл сөзү бар болчу. Бул сөз мындай одоно угулганы менен ак ниеттен айтылгандыктан жакшы мааниде, күлкү катары гана кабыл алынар эле. Жакында эле эскерүү китебин чыгардык. Ошондо бир редакцияда иштешкен тилчи, окумуштуу, аз жазса да саз жазган жазуучу, стилист, лексиколог Бейшебай Усубалиев Мелис байкенин баскан-турганын, турпатын келиштире сүрөттөгөн эскерүүсүн жазып берди. Аны окуп алып кишини жакшы билген жана мыкты жаза билген адамдын өнөрүнө таң калдым. Мелис байке бир караганда кырс, бирок эч убакта бирөөнү эл алдында сындырып, басынтып коюу максатын көздөбөгөн, болгону ак дилден сын айткан адам эле. Ал ар кимдин колунан келе бербеген фельетон жанырында жаза билген инсан. Өмүр бою басма иши менен эле алектенгендей көрүнөт. Анткени өзүнө абдан сын көз менен карап жазгандарын чыгара берчү эмес. 60 жашка жакындап калганда "Көкөй кести" тарыхый романын жазды. Ага чейин 20 жыл изилдеп, материал чогултуптур. Редакторлор улам талкуулап жатып, бул жөн роман эмес, тарыхый роман экендигин аныкташты. Андан кийин "Барымта", "Опасыз дүйнө" аттуу романдарын чыгарды. "Канталамай" аттуу трагифарс жанрындагы повестин жазган. Буга тиш салгандар аз. Коомдогу жасакер, колунда барга кошоматтанган кул мүнөздөрдүн пайда болгонуна коңгуроо кагып, китеп кылып чыгарган адамдардын алгачкылары ушул киши. Экологияны, жаратылышты сактоого олуттуу чакырган темаларды да Мелис Абакиров жазган. Ал "Алмалуу багында" адамдардын репрессиянын капшабына кеткенин кеп кылса, "Арчалуу төрүндө" ошол эле адамдардын согуш учурунда кандай эрдик көрсөтүп, куугунтуктагандарга караганда ак кызмат кылгандарын белгилеп, адам табиятынын өсүп-өнүгүү революциясын ачыктап берген. Экөөнү бөлүп караганга болбойт. Буларды кыргыз адабиятындагы өзүнчө этаптык окуя, этаптык көркөм туунду катары кароо керек.
— Мелис Абакировду биз айыл турмушун, анда жашаган айылдыктардын жан дүйнөсүн жакшы түшүнгөн жазуучу катары билебиз. Өзү "Көкөй кести" жана "Барымта" деген тарыхый романын "көңүлүмө бир аз толот" деп айтчу экен...
— Кайсы романды жазса да өзү жашаган доорду эсинен чыгарган эмес. Чоң стилист эле да. "Барымта" романы жалаң каармандардын диалогунан турат. Азыр китеп окулбай калды, стилистикалык ыкты эске алуу керек деген ой менен жазылган. Анан Абакировдун ар бир каарманы өзүнүн мүнөзүнө, табиятына жараша сүйлөйт. Айрым чыгармаларда молдосу, окумуштуусу, карапайым дыйканы деле автордун тилинде сүйлөй берет.
— Жогоруда жазуучулук жагын, мүнөзүн жакшы айтып бердиңиз. Эми программанын аталышы "Туяк" болгондон кийин Мелис Абакиров кандай ата боло алгандыгын да айта кетпесек болбос.
— Бул жаатта кеп козгоо мен үчүн оор. Бегим эже экөөнүн бир уул, эки кызы болгон. Эже да көп жыл басма тармагында иштеди. Уулу Мурат келечегинен көптү үмүттөндүргөн жигит эле. "Мына үйлөнөм" деп турган учурда белгисиз себептерден улам каза болду. Мындай күйүттү көтөрүш үчүн Мелис Абакиров болуш керек. Ичинен кан өтүп турса да жоготууну абдан кайраттуулук менен көтөрдү. Тагдыр деп кабыл алды. Бирок ошол жылдары көп чыгармаларды жазды, котормолорду которду. Абдан кайраттуу адам болгон. Эки кызы өзүнчө турмуш куруп, азыр очор-бачар жашап жатышат.
Чек арачы, стратег эле эмес, жазуучу катары да аты чыккан. Осмон Лайлиевди эскерүү