Индиядагы түнкү клубдан чыккан өрттөн улам 20дан ашык адам көз жумду

Sputnik
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Индиядагы түнкү клубдан чыккан өрттөн улам 20дан ашык адам көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, өрт ГоанынАрпора аймагындагы түнкү клубдан чыккан. Кеминде 25 киши көз жумганын Indian Express басылмасы жазды.
Алдын ала маалыматтар боюнча газбаллон жарылып, жалын тутанган. Жабыркагандардын көпчүлүгү клубдун кызматкерлери экени айтылууда.
Гонконгдогу адам өмүрүн алган өрт. Жапаров Си Цзиньпинге көңүл айтты