Трамптын атайын чабарманы АКШнын аскерлери Украинага барбай турганын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. АКШ президентинин атайын чабарманы Кит Келлог Вашингтон Украинага аскер жөнөтпөй турганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ал Украина кризисин жөнгө салууда Запорожье АЭСи менен ДЭРдин статусу негизги тоскоолдук болуп саналат.
“Эгер ушул эки маселе чечилсе, калганын иретке келтирүү кыйла жеңил болот”, — деди Келлог.
Ал арада Axios басылмасы өздүк маалымат булагына таянуу менен Владимир Зеленский АКШнын өкүлдөрү Стив Уиткофф жана Жерад Кушнер менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аймактык маселени жана коопсуздук кепилдигин талкуулаганын жазды.
Маалыматта аймактык маселе аябай курч талкууланып, АКШ тарап бул багытта жаңы идеяларды иштеп чыгууга аракет кылып жатканы кабарланат.
Сүйлөшүүлөрдүн мазмуну расмий тастыктала элек.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМКлар АКШ менен Украинанын жолугушуусу анчейин деле жылыш алып келбегенин жазууда