Баткен облусунун Зардалы айылына барчу Сары-Талаа - Кызыл-Таш - Зардалы жолу жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Күн мурун транспорт министри Абсаттар Сыргабаев аталган жолдун курулуш иштеринен кабар алды. 17,5 чакырымды түзгөн жолдо кеңейтүү жана тегиздөө иштери аяктап, жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет. Мындан тышкары, узундугу 30 метр болгон темир көпүрө куруу иштери 95 пайыз бүттү. Эске салсак, президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 29-сентябрында Зардалы айылына барып, эл менен жолугушууда келерки жылы кыштакка барчу жолду салуу башталарын, электр энергиясы менен камсыз кылуу, чакан ГЭС салуу иштери жүргүзөлөрүн билдирген.
белгилүү композитор, КР эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, профессор Муратбек Бегалиевдин 70 жаш мааракесин белгиледи. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Иш-чарага маданият министри Мирбек Мамбеталиев, чет элден келген коноктор, коомдук ишмерлер, маданият жана искусство өкүлдөрү катышты. Министр Муратбек Акимовичтин өлкөнүн музыкалык өнүгүшүнө кошкон эбегейсиз салымы, анын чыгармачылыгы жана элге кылган кызматын өзгөчө урматтоо менен белгиледи. Өмүрүнүн көп бөлүгүн музыка өнөрүнө арнаган залкар композитор кыргыз маданиятынын дүйнөлүк деңгээлге чыгышына зор түрткү берди. Композитордун «Помпейдин акыркы күнү», «Балалыктын обондору», «Майрамдык увертюра», «Манас-соната», «Кыргыз сюитасы» сыяктуу чыгармалары улуттук жана эл аралык сахналарда кеңири аткарылып келгенин сыймыктануу менен айтты. Улуттук маданиятка кошкон чоң салымы үчүн Муратбек Акимович «Манас» орденинин III даражасы менен сыйланган. 2024-жылдын сентябрынан тарта ал А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрын жетектеп келет.
Украинадагы согуш маанилүү этабына кирген мезгилде АКШ Европаны сындады. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы жазганын РИА Новости агенттиги таратты. "Президент Дональд Трамп кол койгон 33 барактан турган Улуттук коопсуздук боюнча стратегияда Европа маданияты менен саясатын өзгөртпөсө жок болуп кетүү коркунучу бар экендигин Ак үй билдирген", — деп айтылат маалыматта. Агенттик бул стратегия Украинадагы согуш чечиле турган учурга кирип жатканда пайда болгонун белгиледи. Макалада Евробиримдиктин тынчсызданып жатканы, буга Вашингтон Москва менен биргеликте Батышты капитуляцияга кептей турган келишимди иштеп чыгууну каалагандыгы себеп экендиги жазылат. Путин шейшемби күнү кечинде Кремлде Америка лидеринин атайын чабарманы Уиткофф менен күйөө баласы, Affinity Partners компаниясынын негиздөөчүсү Жаред Кушнерди кабыл алган. Россия тараптан жолугушууга Путинден тышкары анын жардамчысы Юрий Ушаков жана мамлекет башчынын чет өлкөлөр менен инвестициялык-экономикалык кызматташуу боюнча атайын өкүлү, Россиянын инвестициялар фондунунун башкы директору Кирилл Дмитриев катышкан. Сүйлөшүүлөр дээрлик беш саатка созулган.Ушаков жолугушуу пайдалуу жана натыйжалуу болду деп билдирген. Ал тараптар Америка тараптын Украинадагы тынчтыкты орнотуу сунушунун маңызын талкуулашканын, бирок азырынча бир кепке келише электигин белгилеген.