БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. РФ менен Кыргызстан президентери Садыр Жапаров жана Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Путин Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.
Жапаров өз кезегинде Путинге жылуу куттуктоолору жана жакшы каалоолору үчүн ыраазылык билдирди.
"Андан ары сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары өлкөлөр ортосундагы достуктун, союздаштыктын жана стратегиялык өнөктөштүктүн туруктуу бекем мамилелерин белгилешти. Кыргыз-орус мамилелери үчүн Путиндин Кыргызстанга жакында болгон сапары негизги окуялардын бири болуп калды", — деп айтылган маалыматта.
Лидерлер алдыдагы жолугушуулар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы жемиштүү өз ара иш алып барууну мындан ары да тереңдетүүгө кызмат кыларына ишенимин билдиришкен.