Зергерлер менен тигүүчүлөргө жеңилдик берилет. Садыр Жапаров жарлыкка кол койду

Sputnik
БИШКЕК, 6-дек.— Sputnik. Садыр Жапаров "Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Документке ылайык өлкөдөгү ишкерлерге, анын ичинде тигүүчүлөр жана зергерлерге бир катар жаңы жеңилдиктер каралды.
Өкмөт бир айдын ичинде Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорун киргизиши керек. Анда чакан жана орто бизнести колдоо боюнча төмөнкү чаралар каралган:
Зергерчилик тармагына каралган негизги жеңилдиктер:
зергердик жабдууларды, технологияларды, реактивдерди, жарым фабрикаттарды импорттоодо бажы жана салык жеңилдиктери;
чет өлкөлүк көргөзмөлөргө катышуу үчүн зергер буюмдарын алып чыгууда жеңилдетилген шарттар;
зер буюмдардын мурдагы калдыктарын эки ай ичинде легалдаштыруу, бул учурда салык органдарынын текшерүүлөрүнө мораторий киргизилет;
пробалык жыйымдардын ставкаларын төмөндөтүү маселесин кароо;
жергиликтүү өндүрүүчүлөргө өзүнүн жеке пробалык эн тамгасын басуу укугун ыктыярдуу негизде өткөрүп берүү (мамлекеттик эн тамгадан тышкары);
зергерлерге Кыргызстандын мамлекеттик фондунан алтынды Лондон баасынан 2 пайыз арзандатылган баада сатуу;
алтынды түз келишим же биржа аркылуу 180 күнгө чейин төлөмдү кийинкиге жылдыруу шарты менен берүү;
Улуттук банк жана мамлекеттик банктар аркылуу зергерлерге жеңилдетилген насыя берүү;
"Манас" эл аралык аэропортунда жана зарыл болгон башка аба майдандарда пробалоочу лабораторияларды түзүү.
Тигүү тармагына жеңилдиктер:
киреше салыгынын ставкаларын төмөндөтүү;
социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин азайтуу;
Авто жана мототранспорт бизнесине жеңилдиктер:
жеке жана юридикалык жактарга авто/мото транспорт сатууда үч жылга салыктардан бошотуу;
жеке жактарга 2026-жылдын 1-январына чейин авто/мото саткан кирешеден алынуучу салыктарды жана санкцияларды төлөөдөн бошотуу;
кыргызстанда чыгарылган же чогултулган транспортту сатууда сатуу салыгынан бошотуу.
Чакан жана орто бизнес үчүн жалпы жеңилдиктер:
социалдык камсыздандыруунун тарифтерин төмөндөтүү;
чет өлкөдө жүргүзүлгөн ишмердүүлүктөн алынган кирешеге 0,1 пайыз бирдиктүү салык салуу;
чет өлкөлүк банктар аркылуу транзакциялар үчүн 0,1 пайыз салык ставкасын бекитүү.
Кыргызстан навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча пилоттук долбоорду баштады