БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Улуттук банк кечээ интервенция жасап, валюта базарына 83 миллион доллар сатты. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында жазылды.
Быйыл Улуттук банк жети жолу валюталык интервенция жасады. Жалпысынан 673,5 миллион доллар сатты.
Улуттук банк интервенцияны валюта рыногундагы чет элдик акчанын тартыштыгын толуктоо жана өзгөрүлмө режим учурунда сомдун курсун туруктуу кармап туруу үчүн негизги ыкма катары пайдаланат.
Эске салсак, өлкөнүн башкы каржы уюму ушул күздө экинчи жолу ири суммада доллар сатты.