БИШКЕК, 6-дек.— Sputnik. Россияда DOBRO аттуу КМШ өлкөлөрүнүн ыктыярчылар кыймылын бириктирген эл аралык ассоциация түзүлдү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
5-декабрда Москвадагы "Россия" улуттук борборунда V #МЫВМЕСТЕ форуму өтүп, анын алкагында ассоциациянын түзүүчү курултайы болгон.
Мындай ассоциация ачуу идеясы өткөн жылы КМШ өлкөлөрүнүн ыктыярчылар уюмдары тарабынан көтөрүлүп, РФ президенти Владимир Путин тарабынан колдоого алынган.
Россияда DOBRO аттуу КМШ өлкөлөрүнүн ыктыярчылар кыймылын бириктирген эл аралык ассоциация түзүлдү
© Фото / пресс-служба ассоциации DOBRO
Россия өкмөтүнүн төрага орун басары Алексей Оверчук делегаттарга кайрылып, жаңы ассоциация жарандык демилгелердин жана ыктыярчылар коомчулуктарынын түз мамилесин күчөтө турганын, жаңы чакырыктарга өз учурунда жооп берүүгө жана миллиондогон адамдар үчүн маанилүү маселелерди чечүүгө жардам берерин белгиледи.
Анын айтымында, бул демилге көп жылдык эмгектин жыйынтыгы болуп, эл аралык деңгээлде ыктыярчылык үчүн заманга бап келген платформаны түзүүгө багытталган.
Курултайга Кыргызстандын, Беларустун, Бразилиянын, Индиянын, Казакстандын, Россиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын жана Түштүк Африканын өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын жыйынтыгында ассоциациянын тең негиздөөчүлөрү меморандумга кол коюшту.
Ассоциациянын иши ыктыярдуулукка, мүчөлөрдүн тең укуктуулугуна жана толук ачык-айкындуулукка таянат. Ал адамдын ар-намысын жана жалпы адам укуктарын урматтоону, маданий ар түрдүүлүктү сыйлоону, дискриминацияга жол бербөөнү жана инклюзивдүүлүктү негиз кылат. Ошондой эле балдар жана жаштар сыяктуу аялуу топторду коргоого өзгөчө көңүл буруп, саясаттан алыс, таза гуманитардык кызматташуу аркылуу практикалык жардам жана туруктуу өнүгүүгө умтулат.
Теги: