Мишустин Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Ал жогорку деңгээлде кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу максатында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты арттыруу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүп жатканын белгилеген.
"Өнөр жай, энергетика, транспорттук инфраструктура, инновациялык чөйрө жана башка тармактарда ири биргелешкен долбоорлор ишке ашырылып жатат. Эл аралык уюмдардын алкагында да интеграциялык өз ара кызматташуу кеңейүүдө", — деп белгилеген Мишустин.
Ошондой эле өлкө башчы менен болгон ачык жана конструктивдүү маанайда өткөн жолугушууларды жылуу эстей турганын, ишенимдүү жана жемиштүү алакалардын уланышына кубанычта болорун кошумчалаган. Президентке бекем ден соолук, бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишине ийгиликтерди каалаган.
Мекендештериңиздин сыйына, эл аралык абройго татыктуусуз. Путин Жапаровду куттуктады