БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Аймактарда жер эрозиясын азайтуу, жашыл инфраструктураны өнүктүрүү жана жол жээктерин бекемдөө үчүн жол жээктерине мөмө-жемиш бактары отургузуу пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Долбоордун алкагында ар бир райондо болжол менен 1 чакырым негизги жол тилкесине мөмөлүү бактар отургузулат.
“Айрым аймактарда жер тилкелери аныкталды, көчөт отургузуу 2026-жылы башталат. Учурда демилгени ишке ашыруу үчүн Министрлер кабинетинин тиешелүү тескемеси даярдалууда”, — деп айтылат маалыматта.
Жол боюндагы туура уюштурулган бактар экологияны жакшыртып гана койбостон, мөмө-жемиш өндүрүшүн көбөйтүп, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна да салым кошору белгиленген.