Мекендештериңиздин сыйына, эл аралык абройго татыктуусуз. Путин Жапаровду куттуктады

Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. Телеграмманы президенттик администрациянын маалымат кызматы жарыялады.
Анда РФ лидери Кыргызстандын мамлекет башчысынын эки тараптуу мамиледеги жана Евразия мейкиндигиндеги интеграциялык процесстердеги эмгегин баса белгилеген.
Андан сырткары жакында эле болгон мамлекеттик сапарды эске салган.
"Сиз мекендештериңиздин чын ыкластуу урмат-сыйына жана эл аралык абройго татыктуусуз. Жакында Бишкекке болгон сапарымды, мазмундуу жана жемиштүү сүйлөшүүлөрүбүздү жылуу эскерем. Биз, албетте, Россия менен Кыргызстандын ортосундагы көп пландуу байланыштарды мындан ары да бекемдөө максатында конструктивдүү биргелешкен ишибизди улантабыз", — деген Путин.
Россия лидери Жапаровго чың ден соолук, бакубат жашоо жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалаган.
Эске салсак, бүгүн Садыр Жапаров 57 жашка чыкты.
Путин: Садыр Жапаров — ишенимдүү өнөктөш жана дос