Кыргызстанда иштеген мугалимдер эл аралык сынакта үч наамды утуп алышты. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Кыргызстанда иштеген россиялык мугалим Андрей Дубик "Чет өлкөдөгү мыкты орус мектеби" эл аралык сынагынын жеңүүчүлөрүнүн бири болду.
Ал "Мыкты предметтик педагог" наамын жеңип алды. Дубик Нарын шаарындагы билим жайында информатика сабагын окутат.
Мындан тышкары Кыргызстандын куржунунда дагы эки байге (2-орун) бар:
Юлия Кузнецова — "Улуттук мектептин мыкты педагогу" номинациясы;
Ольга Алаева, Екатерина Захаренко жана Александр Стрелковский (КРСУнун жалпы орто билим берүү мектебинин мугалимдери) — "Орус мектептеги мыкты педагогикалык жамаат" наамына татыктуу болушту.
Бул жылы сынакка 36 өлкөдөн 1400дөн ашык адам катышкан.
Сынак Россиянын Агартуу министрлигинин Эл аралык кызматташтык борбору тарабынан орус тилин үйрөнүү программаларын ишке ашырган же орус тилинде окутууну жүргүзгөн ар кайсы өлкөлөрдүн билим берүү уюмдары жана педагогдору үчүн бешинчи жолу өткөрүлүп жатат.
Буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттиги Нарында эмгектенип жүргөн Андрей Дубиктин жумушу жөнүндө видеоматериал даярдаган.
Жылдын мыкты мугалимине батир, 10 мугалимге 500 миң сомдон берилди. Тизме