"Арак ичип эле айдап жүрө берем". Бишкектеги айдоочу милицияны опузалаган видео

Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Бишкекте жүк ташуучу автоунаанын мас айдоочусу ызы-чуу салганын милициянын Кайгуул кызматы маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, айланасындагыларды монтировка менен коркутуп жаткан айдоочуга милиционерлер келгенде ал кызматкерлерди опузалап, "чабуулга" өткөн.
Айдоочу дайыма мас болуп машина айдаарын, Кытайга да ушундай абалда каттап жүргөнүн билдирген. Алагүү болгон киши кайгуулчуларды өлтүрөрүн айтып, дагы бир топ сөздөрдү сүйлөгөн.
"Эки-үч машинаны сүзүп салып силердей болгон кызматкерлерден бир-экөөнү өлтүрөйүн деп жаткам да", — деген мас киши.
Тартип сакчылар аны бактылуу кармоочу жайга киргизген. Милициядан ал киши автоунаа айдоо укугунан мурдараак эле ажыратылганын кошумчалашты.
Токмокто дарыгерди уруп жиберген мас айдоочуга дагы бир иш козголду