Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМКлар АКШ менен Украинанын жолугушуусу анчейин деле жылыш алып келбегенин жазууда

Sputnik
БИШКЕК, 6-дек.— Sputnik. АКШ менен Украинанын жолугушуусу көйгөйдү чечүүдө анчейин деле жылыш алып келген жок. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы жазганын РИА Новости билдирди.
Буга чейин АКШ мамдепартаменти Вашингтон украин делегациясы менен коопсуздук чаралары боюнча макулдашканын билдирген. Ошондой эле АКШ Украина өкүлдөрү менен Вашингтон–Москва сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыктарын талкуулаганы айтылган.
АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткофф жана президенттин күйөө баласы Жаред Кушнер Украина тараптан Рустем Умеров жана Андрей Гнатов менен жолугуп, "туруктуу жана адилеттүү тынчтыкка жол табуу боюнча конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү" өткөрүшкөн.
Бирок, басылма белгилегендей, позитивдүү билдирүүлөргө карабастан, сүйлөшүүлөргө жаңы дем бере турган олуттуу жылыш болгон эмес.
22-ноябрда Кремлде РФ президенти Владимир Путин чабарман Стив Уиткофф жана Жаред Кушнер менен жолугуп, АКШнын Украина боюнча тынчтык планын талкуулаган. Путиндин айтымында, Америка тарап 27 пунктудан турган планды төрткө бөлүп, ар бирин өзүнчө талкуулоону сунуш кылган.
АКШ администрациясы тынчтык план боюнча иш уланып жатканын, анын аки-чүкүсү азырынча ачык айтылбай турганын билдирген. Кремль болсо Москва сүйлөшүүлөргө ачык экенин жана Анкориж форматында жүрүп жаткан талкууларга даяр экенин белгиледи.
Путин буга чейин айткандай, АКШнын планы акыркы тынчтык келишимге негиз болушу мүмкүн. Бирок азырынча бул документ Россия менен толук талкууланган эмес. Анын пикиринде, мунун себеби — АКШ Киевдин макулдугун ала албай жатышы. Путин Украина жана анын европалык өнөктөштөрү дагы деле "Россияны согуш талаасында стратегиялык жеңүү" мүмкүн деген иллюзияда экенин, бул болсо фронттогу реалдуу абал боюнча объективдүү маалыматтын жоктугунан улам болуп жатканын белгилеген.
Вэнс Украина боюнча жакын арада жакшы жаңылык болоруна ишеним артты