Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
ЖККУ Парламенттик ассамблеясына даярдык талкууланды Кыргызстанда иштеген мугалимдер эл аралык сынакта үч наамды утуп алыштыМишустин Жапаровду туулган күнү менен куттуктадыРоссия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Ал жогорку деңгээлде кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу максатында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты арттыруу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүп жатканын белгилеген. "Өнөр жай, энергетика, транспорттук инфраструктура, инновациялык чөйрө жана башка тармактарда ири биргелешкен долбоорлор ишке ашырылып жатат. Эл аралык уюмдардын алкагында да интеграциялык өз ара кызматташуу кеңейүүдө", — деп белгилеген Мишустин. Ошондой эле өлкө башчы менен болгон ачык жана конструктивдүү маанайда өткөн жолугушууларды жылуу эстей турганын, ишенимдүү жана жемиштүү алакалардын уланышына кубанычта болорун кошумчалаган. Президентке бекем ден соолук, бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишине ийгиликтерди каалаган.Мындан сырткары өлкө башчысын Кытай Эл Республикасынын башчысы Си Цзиньпинь, Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоган, Беларусь президенти жана башка кошуна мамлекеттердин башчылары куттукташты.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин телефондун аркылуу сүйлөшүп, Москвада өтө турган ЖККУ Парламенттик ассамблеясынын жыйынына даярдык маселелерин талкуулашты. Мамлекеттик Дума тараткан маалыматка ылайык, тараптар алдыдагы биргелешкен кеңештин жыйынын жана ЖККУ Парламенттик ассамблеясынын XVIII пленардык жыйынынын уюштурулушу боюнча пикир алышты. Бул иш-чаралар жакынкы жумада Москва шаарында өтөт. Ошондой эле Вячеслав Володин 30-ноябрда Кыргызстанда өткөн мөөнөтүнөн мурдагы парламенттик шайлоодогу жеңиши менен Нурланбек Тургунбек уулун куттуктады. Бул сүйлөшүү өлкөлөр ортосундагы парламенттик кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө болушу күтүлүүдө.
Кыргызстанда иштеген россиялык мугалим Андрей Дубик "Чет өлкөдөгү мыкты орус мектеби" эл аралык сынагынын жеңүүчүлөрүнүн бири болду. Ал "Мыкты предметтик педагог" наамын жеңип алды. Дубик Нарын шаарындагы билим жайында информатика сабагын окутат.Мындан тышкары Кыргызстандын куржунунда дагы эки байге (2-орун) бар: Юлия Кузнецова — "Улуттук мектептин мыкты педагогу" номинациясы; Ольга Алаева, Екатерина Захаренко жана Александр Стрелковский (КРСУнун жалпы орто билим берүү мектебинин мугалимдери) — "Орус мектептеги мыкты педагогикалык жамаат" наамына татыктуу болушту. Бул жылы сынакка 36 өлкөдөн 1400дөн ашык адам катышкан. Сынак Россиянын Агартуу министрлигинин Эл аралык кызматташтык борбору тарабынан орус тилин үйрөнүү программаларын ишке ашырган же орус тилинде окутууну жүргүзгөн ар кайсы өлкөлөрдүн билим берүү уюмдары жана педагогдору үчүн бешинчи жолу өткөрүлүп жатат.
Кыргызстандык мушкер атаандашын 33 секундда утуп, АСА уюмунун чемпиону болду. АСА постсоветтик мейкиндиктеги белгилүү аралаш мушташ лигасы. Анда биринчиликке чыгуу спорттук ири жетишкендик катары саналат. Жакшылык Мырзабеков чемпион Абубакар Вагаев менен беттешмекчи. Аны UFC кыйыныы Хамзат Чимаев коштоп жүрөт. Жакшылык менен Вагаев октагондо жолукканда, секундант болуп Чимаев турушу да ыктымал.