БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Индия менен экономикалык алмашуулар боюнча биргелешкен демилгелерге Россия бийлиги тарабынан көмөк көрсөтүлөт. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Россия-Индия импорттоочулар форумунун пленардык жыйынында билдиргенин РИА Новости жазды.
“Экономикалык алмашууларды өнүктүрүү боюнча бардык пайдалуу демилгелер мындан ары да Россиянын министрликтери жана ведомстволору тарабынан колдоого алынарына ишендиргим келет”, — деди Путин.
Россиянын президенти Индияга мамлекеттик сапар менен барган.