Путин менен Моди алаканы бекемдөөнү жана Украинадагы абалды талкуулашты

Sputnik
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин менен Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Нью-Делидеги сүйлөшүүдө эки өлкөнүн алакасын жана Украинадагы абалды талкуулашты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Путин Москва менен Нью-Делинин аскер-техникалык багыттагы, авиация, космос жана жасалма интеллект тармагындагы кызматташуусуна жогору баасын берди. РФ лидери Моди менен болгон кечээки жолугушуусу пайдалуу болгонун белгилеген. Анда Москва менен Киевдин ортосундагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн АКШ менен Россиянын иши тууралуу маалымат айтылды. Муну менен бирге Путин премьерге тынчтык процессинин башталышы үчүн жасаган аракетине ыраазычылык билдирди.
Моди өз кезегинде Путиндин сапары тарыхый мүнөзгө ээ экенин белгиледи.
"Жаңыдан шайланып келген 2000-жылдан берки ролуңуз алысты көрө билген даанышмандыгыңызды көрсөттү. Индия менен Россиянын алакасынын өнүгүшү башкалар үчүн жакшы үлгү", — деди премьер.
Анын айтымында, Москва жана Нью-Дели Украина боюнча маалыматтар менен байма-бай бөлүшүп турат, бул эки өлкөнүн ортосундагы ишенимдүү мамилени айгинелейт. Моди Индия жаңжалдын тезирээк аякташына тилектеш экенин кошумчалап, Путинге сапары үчүн орус тилинде ыраазычылык билдирди.
Сүйлөшүү делегациялардын катышуусу менен кеңири форматта уланып, анда негизги тармактардагы кызматташуу, эл аралык жана регионалдык маселелер талкууланат.
Жолугушуунун соңу менен Путин Моди экөө ЖМК үчүн билдирүү жасап, документтердин жоон тобуна кол коюшат. Мындан тышкары, лидерлер Россия — Индия бизнес-форумунун жыйынына катышмакчы.
Путин: Зеленский улутчулдардын кызыкчылыгын украин элинен жогору коюуда