БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Президент Владимир Путин менен Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Нью-Делидеги жолугушуунун жыйынтыгы менен биргелешкен билдирүү жасап, кызматташуунун орчундуу багыттарын белгилешти.
Эскерте кетсек, РФ лидери Индияга эки күндүк мамлекеттик сапар менен 4-декбарда барган.
Путин сүйлөшүү тууралуу:
жолугушуу майнаптуу болду, мындан аркы аракеттердин негизги учурлары талкууланды;
өкмөттөр аралык, мекемелер аралык жана корпоративдик макулдашуулардын олуттуу пакетине кол коюлду. Көбү Россия менен Индиянын экономикалык кооперациясын кеңейтүүгө багытталган;
Россия Индия үчүн энергоресурс менен камсыздаган ишенимдүү өнөктөш бойдон калат. Москва тездик менен өскөн Индия экономикасы үчүн күйүүчү майды үзгүлтүксүз ташып турат;
Калуга облусунда биргелешкен фармацевтикалык завод курулуп, анда онкологиялык дары-дармек чыгарылат;
обого чыга турган RT India жергиликтүү элге Россияны тереңирээк таанып-билүүгө жана туура маалымат алууга жардам берет;
сооданын көлөмү 2024-жылдагы чекте, бирок тараптар аны 100 миллиард долларга чыгара алат. Улуттук валютада эсептешүүнүн көлөмү 96 пайызды түзөт;
Россия менен Индия чакан модулдук реакторлор, суу үстүндөгү АЭС жана өзөктүк технологияларды медицинада колдонуу тармагында кызматташа алат.
Моди сүйлөшүү тууралуу:
эки өлкөнүн байланыш-алакасы убакыт менен сыналган, анын өзөгүндө өз ара урмат-сый жана ишеним турат;
Россия менен Индия 2030-жылга чейинки экономикалык кызматташуунун программасын камсыздашат;
Москва менен Нью-Дели ЕАЭБ менен Индиянын ортосунда эркин соода аймагын түзүү, ошондой эле эки өлкөнүн туристтик топтору үчүн 30 күндүк визасыз режим киргизүү боюнча иштеп жатышат;
тараптар таза энергетика, минералдар жаатында жакшы иштеп жатышат. "Түндүк — Түштүк" коридору талкууда, студенттердин саны көбөйөт;
Индия Украина маселесинде узак мөөнөттүү тынчтыктын орношуна кызыкдар.