Быйылкы сынакка дүйнөнүн 36 өлкөсүнөн 1400дөн ашуун педагог катышты. Финалдык сынактар 3 жана 4-декабрда өттү.
Тапшырыктар үч негизги номинация боюнча кабыл алынды:
"Орус мектебинин мыкты педагогикалык жамааты"
"Элчиликтин мектебинин мыкты педагогикалык жамааты"
"Эл аралык мугалим" - чет тили катары орус тили боюнча мыкты педагогдорду, кошумча билим берүү педагогдорун, улуттук мектептерди жана предметтик педагогдорду камтыган номинациялар.
Кыргызстандан барган мугалим Андрей Дубик "Мыкты предметтик мугалим" номинациясынын жеңүүчүсү болду. Ал Нарын шаарында информатика сабагынан берет.
“Бул сыйлыкка татыктуумун деп эсептейм. Долбоор менен иштөөгө дээрлик бир жыл кетет. Күн сайын физикалык, психологиялык жана эмоционалдык жактан толугу менен берилип иштейсиң. Натыйжага ыраазымын. Мен үчүн сынактарга катышуу алдыга жылуу үчүн мүмкүнчүлүк”, — деди Дубик.
Сынак Россиянын Агартуу министрлигинин Эл аралык кызматташтык борбору тарабынан орус тилин үйрөнүү программаларын ишке ашырган же орус тилинде окутууну жүргүзгөн ар кайсы өлкөлөрдүн билим берүү уюмдары жана педагогдору үчүн бешинчи жолу өткөрүлүп жатат.