БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги медицина жаатында билим алып жаткан студенттерди донордук материал менен окутууну сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга илинди.
Министрлик акыркы жылдары билимдин деңгээли төмөндөп, медициналык жардамдын сапаты начарлаганын белгилеген. Маселени чечүү үчүн окуу процессине донордук материалды колдонууга жол ачуу каралууда.
"Пластикалык макеттер адамдын дене түзүлүшүндөгү, өзгөчө патологиялык өзгөрүүлөрдөгү нюанстарды толук бере албайт. Донордук материал колдонулганда студенттер теориялык гана эмес, чыныгы практикалык көндүмдөргө ээ болот", — деп айтылат документтин негиздемесинде.
Мындан тышкары, министрлик жаңы хирургиялык ыкмаларды жана инновациялык технологияларды донордук материалда тестирлөө бейтаптардагы тобокелдикти жана дарыгердин катасын азайта турганын кошумчалаган.