БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кыргызстан ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү боюнча алдыңкы орунда турат. Бул тууралуу ЕЭК билдирди.
Быйыл январь — сентябрь айларында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү 10,2 пайызга өскөн. Экинчи орунду Казакстан 7,4 пайыз менен ээледи.
Белгилей кетсек, жалпы ЕАЭБ боюнча орточо өсүш 1,1 пайызды түзгөн.