Мелдешти Россия элчилигинин колдоосунда "Георгий Победоносец" уюму Zvezda телеканалы менен биргеликте уюштурган.
Турнир "Бишкек Аренада" бүгүн башталды, 7-декабрда жыйынтыкталат. Жолдоштук оюндарга Кыргызстан, Казакстан жана Россиянын командалары катышууда.
РФ элчилигинин кеңешчиси Иван Прокопенко турнир жаңы муундардын келечегин аныктаган окуяларды унуткарбоого чакырарын белгиледи.
"Эл түп көтөрүлгөн: СССР курамындагы республикалар нацизмге каршы күрөшүүгө нар көтөргүс салым кошушту. Ата-бабалардын эрдиги менен биз жашап жатабыз. Алардын баскан жолу дайым жадыбызда, тарыхты бурмалоого жол бербейбиз. Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине, Жеңиш үчүн жанын берген ар бир жоокерге ийилип таазим этебиз", — деди дипломат.
"Георгий Победоносец" коммерциялык эмес уюмунун директору Александр Измайлов хоккей түрдүү өлкөдөн келген командалардын башын бириктирип, бабалардан мурас калган тынчтык менен достуктун баа-баркын эске салып турарын белгиледи.