Израиль жыл аягынан баштап украиналыктарды жапырт өлкөдөн чыгара баштайт

Sputnik
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Израиль бийлиги өлкө аймагында жүргөн украин качкындарын коргоого алуу макамынын мөөнөтүн узартуудан баш тартты, эми алар өлкөдөн чыгарылышы керек. Бул тууралуу жергиликтүү Haaretz басылмасы жазганын РИА Новости билдирди.
"Израилден баш паанек тапкан он миңдеген украиналык макамынан ажырап, ушул айдын аягынан тарта депортациялана башташы ыктымал", — деп айтылат маалыматта.
Автордун айтымында, украин качкындарынын абалы маселе премьер-министр Бинтямин Нетаньяхунун жеке көзөмөлүнө алынгандан кийин кескин начарлап кетти. Ага чейин муну менен ИИМ башчысы алек болуп келген.
Эскерте кетсек, ноябрда Нидерланддар, Латвия, Польша жана Германия украин качкындарын субсидиялоо кыскарганын билдиришкен. Германия канцлери Фридрих Мерц өлкө аймагында иштебеген украиналыктардын саны болуп көрбөгөндөй арбыганын, алар бекерчи болбой эмгектениши зарылдыгын белгилеген болчу.
Пентагондун экс-кеңешчиси: Украинанын артынан НАТО менен ЕБ кыйрайт