Улуттук спорт даңазаланат — эми жыл сайын “Улуттук спорт мыктылары” аныкталат

Sputnik
Улуттук оюндарды жайылтып, алардын кадыр-баркын көтөрүү максатында быйыл алгачкы ирет “Улуттук спорт мыктылары” сыйлыгы тапшырылууда. Иш-чарада жыл ичинде мыкты жыйынтык көрсөткөн спортчулар даңкталат. Ошондой эле улуттук оюндардын өнүгүү багыты, жаңы долбоорлор, өлкө боюнча популярдуулукту арттыруунун пландары жана келерки жылга коюлган максаттар тууралуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын директору Улукбек Өмүрбеков жана Дүйнөлүк алыш бел боо күрөшү федерациясынын башкы катчысы Шайырбек Сапарбаев айтып берди.