Гепатитти кайрадан жуктуруп алгандар аныкталууда — эмдөө жана дарылоо жолдору

Sputnik
Өлкөдө акыркы үч жыл ичинде гепатитти аныктоо максатында 2 миллион 200 миңге жакын лабораториялык анализ жасалып, алардын ичинен 57 миң 300 жарандын бул вирус менен ооруп жүргөнү аныкталды. Бул ооруну көбүнчө жаштар жуктуруп алганыбайкалууда. Учурда гепатит С диагнозу коюлган 5200гө жакын бейтап толук айыгып чыкты, бирок айыгып чыккан соң кайрадан жуктуруп алуу учурлары дагы катталууда. Ошол эле учурда өлкөдө гепатит Вга каршы акысыз эмдөө өнөктүгү улантылып, 190миңден ашуун жаран вакцина алды.
Кимдер акысыз эмделе алат? Гепатиттин канча түрү бар жана өлкөдө кайсы түрү көбүрөөк кездешет? Ооруну жуктуруп алган адам кандай эрежелерди сактап жашашы керек? Канчада бир жолу текшерилип туруу зарыл?
Ушул жана башка суроолорго "Ачык кеп" программасынын коногу — Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана ВИЧ-инфекцияны көзөмөлдөө борборунун директору Үмүт Чокморова жооп берди.