Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Кыргызстанда гипсокартон чыгарган ири завод ачылдыМИК Бишкекте 40 кабаттуу үйлөр сейсмикалык талаптарга ылайык курулуп жатканын айттыБШК талапкерлерге эскертүү берди. Алдыда кененирээкБорбордук шайлоо комиссиясы талапкерлерге кайрылып, жалган билдирүү тарап жатканын эскертет. "БШКнын төрагасынын орун басары Айдана Жупуеванын атынан Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышкан талапкерлерге WhatsApp аркылуу билдирүүлөр келип, коркутуулар жана басымдар болуп жатканы боюнча маалыматтар айтылууда. Бул маалыматтар чындыкка дал келбеген, фейк экендигин расмий билдиребиз. Ошондой эле пайдаланылып жаткан телефон номери (0221 239282) Айдана Жупуевага тиешелүү эмес. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү эч бир талапкерге артыкчылык бербейт жана объективдүүлүк принцибин карманат. Андыктан, мындай чалууларга, WhatsApp билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.
Кредит убагында төлөнүп, насыялык тарых таза болсо, батир алууда көйгөй жаралбайт. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) Калк менен иштөө башкармалыгынын жетекчиси Гүлзат Тотубаева Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги брифингде билдирди. Анын айтымында, үй алуу кезеги келгенде турак жай программасынын катышуучусу келишимде көрсөтүлгөн критерийлерге дал келер-келбесин аныктоо үчүн МИКтин текшерүүсүнөн өтөт. "Текшерүү учурунда жаран дагы деле үйгө муктажбы, иштеп жатабы же жумушсуз калдыбы деген сыяктуу суроолорго жооп алабыз. Мындан тышкары, кредиттик тарыхка дагы көңүл бурулат. Бирок бизде банктардагыдай эмес. Анткени банктар Улуттук банкка отчет берет. Ал эми биздики социалдык программа болгондуктан негизги максатыбыз — турак жайга муктаж адамдарды үй менен камсыз кылуу", — деди Тотубаева.
Ошондой эле Тотубаева Турак жай программасынын катышуучулары үйлөрдүн сапаты жана өзүнүн коопсуздугу үчүн тынчсызданбашы керектигин билдирди. Ал Бишкектин Анкара жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан 40 кабаттуу үйлөр жөнүндө айтып берди. “Турак жай комплекси 35 кабаттуу он үйдөн жана 40 кабаттуу төрт үйдөн турат. Батирлердин жалпы саны — 4 160. Анда үч деңгээлдүү жер астындагы унаа токтотуучу жай, спорттук жана балдар аянтчалары каралган. Көптөр Бишкекте мындай көп кабаттуу үйлөрдү тургузууга болобу деген суроолорду узатышты. Биз бул комплекс сейсмотуруктуулуктун бардык талаптарына жооп берет деп ишенимдүү айта алабыз”, — деди Тотубаева. Анын айтымында, бардык эсептөөлөр, конструкциялар, коопсуздук нормалары бирдиктүү стандарттар боюнча иштелип чыккан. Жарандар өз коопсуздугу үчүн кабатыр болбошу керек, анткени курулуштун сапаты бир нече этаптуу текшерүүдөн өтөт.
Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда гипсокартон чыгарган завод ачылды. Бул тууралуу министрлер кабинети кабарлады. Маалыматка караганда, ишкана жылына 10 миллион чарчы метрге чейин гипсокартон жана 60 миң тоннага чейин гипс порошогун чыгарат. Өндүрүш ачылганы 80 жумушчу орун түзүлүп, долбоорду ишке ашырууга 11,7 миллион доллар инвестиция тартылган. Ачылыш аземине катышкан мининстрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ишкана импорттук көз карандылыкты кыйла азайта турганын айтты. Мисалы, ушул жылдын тогуз айында эле 8,5 миллион чарчы метр гипсокартон сырттан келген.