Үйдү туура жылуулоо менен электр энергиясын канча пайызга үнөмдөсө болот?

Sputnik
Өлкөдө электр энергиясын үнөмдөө маселеси өзгөчө курчуган маалда үйдү туура жылуулоо аны үнөмдөөнүн эң натыйжалуу жолдорунун бири болуп эсептелет. Жылуулоо жакшы жасалса, үйдүн ичине кирген жылуулук сыртка чыкпай, жылытуу системасына болгон муктаждык азаят. Бул өз кезегинде жарык жана жылуулук үчүн сарпталуучу чыгымдарды да азайтат. Үйдүн дубалдарын, терезелерин, эшиктерин жана чатырынын астын сапаттуу материалдар менен жылуулоо өзгөчө маанилүү. Туура жылууланган үй кышында жылуу, жайында салкын болуп, жашоого ыңгайлуу шарт түзөт. Эгерде үй туура жылууланбаса 70-80 пайызга жакын жылуулук чыгып кетет. Ал эми комплекстүү жылуулоо менен электр энергияны 60 пайыздан жогору үнөмдөөгө болот. Бирок мындай мүмкүнчүлүктү пайдаланбай келе албай жатканыбызды энергоэффективдүүлүк боюнча эксперт Жаныбек Кулумбетов кеп кылды.