Кыргызстандагы өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары өлкөнүн биологиялык артүрдүүлүгүн сактоодо чоң мааниге ээ. Бүгүнкү күндө 10 мамлекеттик жаратылыш коругу бар. Бул аймактар сейрек кездешүүчү жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн табигый жашоо чөйрөсүн коргоо үчүн түзүлгөн. Алдыда өзгөчөк орголуучу аймактарды кеңейтүү планы барбы? Экологиялык коридорлор кандай жардам берет? Азыркы тапта коруктарда жаратылышты коргоо боюнча кандай чаралар көрүлүүдө? Илимий изилдөөлөр жүргүзүлүп жатабы? Ушул жана башка суроолорго Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин башкы адиси Азамат Абдрасулов “Күн башат” программасында жооп берди