БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Ысык-Көлдөн 20 жаштагы келин эс алуу борборундагы кызматкер күйөөсүнүн өлүмүнө себепкер болгон деп жана аталган факт боюнча тергөөчү иш козгобой жатканын айтып акыйкатчыга кайрылды. Бул туурасында Акыйкатчы институтунан кабарлашты.
Трагедия Ысык-Көл районуна караштуу Семёновка айылында быйылкы жылы, май айында болгон.
Аталган институттан 2025-жылы 20-майда А.С. ишке чыкмак эместигин, бирок аны барып иштеп келүүнү суранышкандыгын айтышты.
24 жаштагы электромонтёр электр кубаты боюнча чыккан маселени жөндөп, электр түркүгүнөн ылдый түшүп келе жатканда, өткөргүчтөр туташып кеткен. Келиндин айтымында, эс алуу борбордун кызматкери РЭСтегилер менен макулдашпастан, күйгүзүп-өчүргүчтү иштетип жиберген. Андан улам күйөөсүн ток уруп, көз жумган.
"Электромонтер ток уруп, ошол жерде каза болгон, ал эми ооруканада дарыгерлер анын өлгөнүн аныкташкан. Июль айында чыккан соттук-медициналык экспертизанын корутундусунда өлүм электр жаракатынан улам жүрөктүн ишинин бузулушунан келип чыккандыгы көрсөтүлгөн", — деп жазылган Акыйкатчынын маалыматында.
Ал кезде жетим калган кызы бир жашка чыга элек болгонун айтышты.
Омбудсмен институту райондук милицияга кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн кат жөнөткөн. Облустук прокуратура иш козголбойт деген чечимди жокко чыгарып, кошумча текшерүү жүргүзүүгө тапшырма берди.