БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. УКМКнын төрагасынын дагы бир орун басарлыгына, Антитеррордук борбордун жетекчилигине Элизар Сманов дайындалды. Бул боюнча жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Буга чейин ведомствонун жетекчисинин дагы бир орун басары болуп Курванбек Авазов бекитилген.
Соңку күндөрдү УКМКда кадр алмашуу болуп жатат. Мурдараак Даниэль Рысалиев УКМК төрагасынын орун басары — Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбордун директору болгон.
Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотов да иштен алынып, ордуна УКМК төрагасынын биринчи орун басары Рустам Мамасадыков кеткен.
Мындан сырткары. УКМКнын Бишкек шаары боюнча жетекчилигин аркалаган Салмоор Жумабековдун ордуна мурда Чүй бөлүмүн башкарган Элдар Жакыпбеков келди. Ал эми Жумабеков Ош облустук башкармалыкка кетти.