Путин: Зеленский улутчулдардын кызыкчылыгын украин элинен жогору коюуда

Sputnik
БИШКЕК, 4-дек. —Sputnik. Владимир Зеленский радикалдык улутчулдардын кызыкчылыгын Украина элинен жогору коюуда. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин India Today телеканалына маек куруп жатып билдирди.
“Ал бийликке келгенде тынчтык орноторун айткан, азыр өзүнөн мурункулардын жоругун кайталап, улутчулдардын кызыкчылыгын элдин максат-мүдөөсүнөн жогору коюп жатат”, — деген өлкө башчысы.
Путин украин жаңжалы жана НАТО тууралуу:
атайын аскердик операция — согуштун башталышы эмес, аны токтотуу аракети. Украин бийлиги ушу тапта өзүн жарга такап турат. Киев режиминин ой түшүнүгү неонацисттик менталитетке окшошууда;
Киев бийлиги үчүн көйгөйдү сүйлөшүп гана чечүү мүмкүн экенин түшүнүү абдан маанилүү;
Киев НАТОго кошулуп жеңишке жетишем деп эсептесе, Москва бул Россиянын коопсуздугуна доо кетирет деген позицияда;
Москва НАТО 1990-жылы чыгышты көздөй жылбайт деген убадасын аткарышы зарыл деп эсептейт;
Россия альянсты кеңейтүүгө каршы чыгып өзгөчө же күтүүсүз нерсе талап кылган жок;
Москва Крымды кошуп алган эмес, болгону Киевдеги төңкөрүштү кабыл албай койгон элге жардамга келди.
Трамп абалды жөнгө салуунун шарты Киев үчүн кыйла начарлаганын айтты