Путин Уиткофф жана Кушнер менен жолугушуу өтө пайдалуу болгонун айтты

Sputnik
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин АКШ лидеринин атайын өкүлү Стив Уиткофф жана Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер менен жолугушуунун жыйынтыгын өтө пайдалуу деп атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды. https://ria.ru/
"Менимче, азырынча айтууга эрте, бирок ошентсе да бул жолугушуу зарыл болчу дей алам", — деди РФ башчысы.
Президенттин кебинин урунттуу учурлары:
Америка тараптын сунуштары Трамп менен Аляскадагы макулдашууларга негизделген;
дээрлик ар бир пункт каралды, ошондуктан жолугушуу көп убакытты алды;
Россия ДЭР менен ЛЭРдин жана Украинанын ортосунда мамиле түзүүгө аракет кылган, бирок Киев аларды тааныган эмес. Ал эми республикалар анын курамында калууну каалашкан жок жана муну референдумда далилдешти;
АКШ өкүлдөрү Трамптын планынын 27 пунктун 4 топко бөлүп, аларды өз-өзүнчө талкуулоону сунуштады;
Америка тарап учурда ортомчулук дипломатиясы менен алектенип жатат.
Трамп абалды жөнгө салуунун шарты Киев үчүн кыйла начарлаганын айтты