БИШКЕК, 4-дек. —Sputnik. Владимир Путин эки күндүк мамлекеттик сапары менен Индияга учуп барганын РИА Новости жазды.
Россия президентинин борту Индиянын Палам авиабазасына конгон. Аны учактан премьер-министр Нарендра Моди өзү тосуп алып, андан кийин лидерлер жабык өтө турчу жыйынга жөнөшкөн.
Жума күнү Нью-Делиде жогорку деңгээлдеги расмий сүйлөшүүлөр болот. Алардын жыйынтыгы боюнча тараптар эки тараптуу өкмөттөр аралык документтерге жана коммерциялык келишимдерге кол коет. Ошондой эле Путин менен Моди Россия-Индия бизнес форумунун пленардык жыйынында сөз сүйлөп, ЖМК үчүн билдирүү жасашмакчы.
Мындан тышкары, сапардын акыркы күнү Путин Махатма Гандинин мемориалына барып, президент Драупади Мурму менен жолугушат.
Ал арада РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков бул сапар эң оболу эки өлкөнүн мамилесинин мүнөзү менен шарттала тургандыгын айтты. Бул жерде өзгөчө маанидеги стратегиялык өнөктөштүк турганына токтолду. Россия — Индия мамилесинин тамыры тарыхый, тереңге гана кетпестен, азыркы дүйнөлүк алкакта да абдан өнүккөнүн, көп тараптуу да болуп кеткенин белгиледи.
Россиялык делегациянын курамына коргоо министри Андрей Белоусов, айыл чарба министри Оксана Лут, саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко, транспорт министри Андрей Никитин, экономика министри Максим Решетников, каржы министри Антон Силуанов, ИИМ башчысы Владимир Колокольцев, Борбордук банктын төрагасы Эльвира Набиуллина, ТИМ башчысынын орун басары Андрей Руденко, ошондой эле "Россия сегодня" эл аралык медиа тобунун жана RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян кирди.