Мамлекеттик катчы кыргызстандыктарды "Манас" эпосунун күнү менен куттуктады

Sputnik
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Илим, билим, технология канчалык бийиктикке жетпесин, "Манас" эпосу сыяктуу улуу баяндар адам сезиминен, уйгу-туйгусунан, касиет-касиретинен жана жан дүйнөсүнөн гана жаралат. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Арслан Койчиевдин куттуктоосунда айтылганын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Бүгүн Кыргызстанда "Манас" эпосунун күнү белгиленип жатат.
"Манас" эпосунун үчилтигин ар тараптан изилдөө боюнча президенттин жарлыгына ылайык, мыйзам кабыл алынган. Документ кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын мамлекет тарабынан коргоого алууну, аны сактоого жана өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды жүргүзүүнү карайт", — деди мамлекеттик катчы.
Ал кыргыз элинин басып өткөн жолу кайсы бир убактарда таштарга чегилип жазылса, ошону менен катар эле оозеки аңыз түрүндө айтылып, ооздон оозго өтүп, улам кийинки муунга калып, кошулуп-көбөйүп олтуруп, өтө чоң көлөмдүү чыгармага айланганын белгиледи.
"Дүйнө элинде теңдеши жок "Манас" үчилтигинде кыргыз элинин тарых-таржымалы, көөнө маданияты, эл аралык мамилелер саясаты, басып өткөн даңазалуу жолу, жалпы адамзатка калтырган улуу мурасы түгөл камтылган. Окумуштуулардын изилдөөлөрү боюнча "Манас" эпосунда 500дөн ашуун жер-суунун аталыштары, миӊдеген адамдардын ысымдары, тамак-аштардын, курал-жарактардын, кийим-кечектердин, абаздык аспаптардын, эң негизгиси нечендеген улуттардын аттары да айтылат", — деди Койчиев.
Мамлекеттик катчы ата-бабадан мурас калган дастандар миңдеген жылдар бою сакталышына тилектеш экенин белгиледи.
Радио
"Манастын" бирдиктүү вариантын иштеп чыгып, мультфильм, кино тартыш керек