Кытайда жер титиреп, Кыргызстанда 4-4,5 балл болуп сезилди

Sputnik
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Кыргызстанда жер титиреди. Маалыматты Илимдер академиясынын Сейсмологя институту тастыктады.
Силкинүүнүн очогу Кытайдын аймагында жайгашкан. Бул Бедел айылынан түштүк-чыгышты көздөй 40 чакырым, Кумтөр кенинен 85, ал эми Каракол шаарынан түштүктү көздөй 145 чакырымда.
Аталган жерлерде жер титирөөнүн күчү 4-4,5 балл, Бишкекте 3 балл болуп сезилген.
Афганстанда жети адамдын өмүрүн алган жер титирөө Кыргызстанда дагы сезилди