Кыргызстанда чыгарылган бут кийимди кайсы өлкөлөр сатып алат

Sputnik
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Кыргызстандан чыгарылган бут кийимди импорттогон мамлекеттердин сап башында ЕАЭБ өлкөлөрү турат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылды.
Ушул жылдын январь-сентябрь айларында республика 2,7 миллион жуп бут кийим экспорттогон. Сатып алган мамлекеттердин тизмеси төмөнкүдөй:
Россия — 1 млн 783 миң жуп
Казакстан — 660 миң
Өзбекстан — 107,4 миң
АКШ — 17,6 миң
Беларусь — 9,4 миң
Германия — 2,9 миң
Финляндия — 1,8 миң.
Ошондой эле Афганстанга, Улуу Британияга, Грузияга, Францияга, Испанияга, Канадага, Польшага, Азербайжанга, Намибияга да аз санда сатылган. Ал эми Түркияга эки жуп жөнөтүлгөн.
ЕЭК министри өлкөнүн өнөр жайынын артыкчылыктуу тармактарын белгиледи