Кыргызстанда сом менен которулган акчадан комиссия албоо мөөнөтү узарды

Sputnik
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкы банктар арасында сом менен которулган акчадан комиссия алууга тыюу салуу мөөнөтүн узартты.
Тийиштүү токтом 3-декабрда кабыл алынган.
Мындай чара 2026-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин созулат. Ага ылайык, коммерциялык банктарга жана төлөм жүргүзүүчү уюмдарга жеке жактардан комиссия кармап калууга тыюу салынат.
Улуттук банк бул чечим санариптик финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана республикада накталай эмес төлөмдөрдү көбөйтүүгө багытталганын белгиледи.
Улуттук банк чет өлкөдөн которулган акчадан комиссия алууга тыюу салды