КРСУда Кыргыз тили жана Манас таануу борбору ачылды

Кыргыз-Россия Славян университетинде Кыргыз тили жана Манас таануу борборунун бет ачары өттү.
Sputnik
Иш-чара 4-декабрь "Манас" эпосунун күнүн утурлай уюштурулуп, ага окуу жайдын жетекчилиги, мугалимдер, манасчылар, илимпоздор жана студенттер катышты.
Маалыматка караганда, университет эпосту изилдөө жана дастанчылыкты бириктирип, толук кандуу борбор түзгөн алгачкы окуу жай болуп калды. Келчекте дал ушул эле борбор КРСУнун жаңы курула турчу башкы кампусунда да ачылат.

"Борбор эпостун трилогиясын изилдөө, Манас таануу жана жалпы эле эпос таануу боюнча илимий мектепти өнүктүрүү, жаштардын улуттук маданиятка болгон кызыгуусун калыптандыруу, маданияттар аралык жана илимий диалог үчүн чөйрө түзүү озуйпасын өзүнө алып жатат", — деп белгиледи жаңы ачылган борбордун жетекчиси Талантаалы Бакчиев.

Борбордун бет ачары менен бирге залкар манасчы Саякбай Каралаевдин бейнесине арналган фотокөргөзмө өттү.
Белгилей кетсек, 4-декабрды "Манас" эпосунун күнү катары майрамдоо 2015-жылы өкмөттүн токтому менен бекитилген.
Тема боюнча:
Мамлекеттик катчы кыргызстандыктарды "Манас" эпосунун күнү менен куттуктады