Улуттук банк чет өлкөдөн которулган акчадан комиссия алууга тыюу салды

Sputnik
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Улуттук банк чет өлкөдөн которулган акчадан комиссия алууга тыюу салынганын кабарлады.
Маалыматта чара кийинки жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин колдонулары айтылат. Максаты — керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана акча которуунун жогорулатуу.
Эске сала кетсек, Кыргызстанга акчанын басымдуу бөлүгүн которгон оператор 1-декабрдан тарта Россиянын рубли менен келген каражатка 1,5 пайызга чейин комиссия киргизерин билдирген.
Кыргызстанда онлайн-төлөм жүргүзүүнүн көлөмү 85 эсе өстү