БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. 5-декабрь жума күнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, карга айланат. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +6...+11, Ысык-Көлдө +4...+9, Нарын өрөөнүндө +1...+6 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +6…+8, Ош шаарында +8...+10 градуска көтөрүлөт.